2013-жылы Бишкекке ырчы Юрий Шатунов концерт коюп келген. Эл абдан жакшы кабыл алган. Ошондо анын артына туруп клавишаны мен ойноп бергем. Бул тууралуу Жаныш Момунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, президентке караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын курамын ар беш жылда өзгөртүп туруу зарыл.
"Бизде мамлекеттик наамдар көп учурда акыйкатсыз ыйгарылып келет. Таанышы барлар алдыга чыгып эле чыныгы таланттар калып кетет. Мисалы, мен Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев сыяктуу кыргыздын белгилүү ырчы, обончулары менен бирдей эле учурда сахнага чыккам. Бул чөйрөдө 25 жылдан бери эмгектенип келем десем болот. Бирок жакында эле "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгиге ээ болдум. Кээде өзүмдөн 10-15 жыл мурда чыккан аткаруучулар "Эмгек сиңирген артист" деп сахнага чакырылганда алардын жанында турганыма уялам. Менин жазган чыгармаларымдын арасында элге кенен таанылгандары да жок эмес. Өзүм классикалык музыканы жаратканды жактырам, бирок биздин аудитория ага кызыкпайт. 2013-жылы ырчы Юрий Шатунов Бишкекке келип концерт койгондо клавишаны мен чертип бергем. Эгер такыр эле талантсыз, билимсиз бирөө болсом ал жакка чыкпайт элем да", — деди Момунов.
Ал өзү менен сахнага тең чыккан агасы Байыш Момунов да эч кандай мамлекеттик наам ала электигин кошумчалады.