Садыр Жапаров пенсия канча сомго чейин көтөрүлөрүн айтты

Президенттин айтымында, буга чейин пенсияга бюджеттен 70 миллиард сом каралса, эми 90 миллиард сом бөлүнө баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров министрлер кабинети пенсиянын өлчөмүн ушул жылдын 1-октябрынан тартып жогорулата турганын айтып, бул анын тапшырмасы менен ишке аша турганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 735 миңдей пенсионер бар. Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 миллиард сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 миллиард сом бөлөбүз. Мурда пенсия орточо алганда 200-300 сомго көтөрүлчү. Эми аны 1 700дөн 3 400 сомго чейин жогорулатуу чечимин кабыл алдык", — деген Жапаров.
Президент бул идеалдуу сан эмес экенин айтып, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардык аракет көрүлүп жатканына токтолгон.
"Мамлекеттин социалдык саясаты мындан ары да кыргызстандыктардын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталат", — деген мамлекет башчы.
Буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 50 пайызга чейин көбөйтүлөрүн билдирген.
Министр: 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 50 пайызга чейин көбөйөт