Алсыз, араң жан. Көл жээгинен 10 чакырым алыстыкта ак куу табылды. Сүрөт

Куш Новопокровка айылындагы жапайы жаныбарларды реабилитациялаган "Бугу эне" борборуна өткөрүлүп берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгинен 10 чакырым алыстыкта алсыз ак куу табышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгинен 10 чакырым алыстыкта алсыз ак куу табышты
Канаттуу мыйзамсыз салынган синтетикалык торлорду тазалоо учурунда табылган.
Куш Чүй облусунун Новопокровка айылындагы жапайы жаныбарларды реабилитациялаган "Бугу эне" борборуна өткөрүлүп берилгени айтылды.
Ысык-Көл: жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген куш табылды. Сүрөт