Кара-Балтадагы мурдагы килем комбинатынын ордуна текстиль фабрикасы ачылат

Долбоор ишке ашып калса, кошумча 800-1000дей жумуш орун түзүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. 2022-жылы Түркиядан келген инвесторлор менен биргеликте Кара-Балтадагы мурдагы килем комбинатынын ордуна текстиль фабрикасын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктен билдирди.
Агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров аталган жайга барып, фабриканын курулуш иштери менен таанышкан.
Кара-Балтадагы мурдагы килем комбинатынын ордуна текстиль фабрикасын ачуу пландалууда
"Декна Бишкек Текстиль" ишканасынын негиздөөчүсү жана ээси Фырат Дениз курулуш иштери жакын арада бүтөрүн айтып, долбоорго жумшалган инвестиция 25 миллион долларды түзөрүн белгилеген. Заводдун курулушуна 400 миң доллар инвестиция салынган.
Маалым болгондой, компания фабриканын аймагын кеңейтүү максатында мурдагы оюнчук заводунан кошумча 35 миң чарчы метр болгон имарат алган.
"Кыргызстандын өндүрүшүн иштетүүгө келген инвесторлор үчүн мамлекет өлкөгө сырьё жана тетиктерди алып келүүдө жеңилдиктерди берет. Биз узак жана жемиштүү кызматташууга кызыкдарбыз жана бардык этапта колдоо көрсөтүүгө даярбыз", — деген Сабиров.
Агенттик ачыла турчу фабрикадан калдык чыкпай турганын айтып, ал кездемени, жипти да кайра иштетерин кошумчалаган. Долбоор ишке ашып калса, кошумча 800-1000дей жумуш орундар түзүлмөкчү.
Бир жылда 4 млн. жөжө чыгарылды. Балыкчыдагы ири тоок фабрикасынан видео