Радио

Динара Руслан: IT адистерге виза берүү колго алынууда

CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан "Санарип көчмөн" долбоору боюнча оюн айтты.
Sputnik
IT адистер үчүн жеңилдетилген виза берүү колго алынууда, бирок ал жетиштүү деңгээлде жарнамаланбай жатат. Бул тууралуу Динара Руслан Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Экономика министрлиги "Санарип көчмөн" деген статус ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген.
"Соңку убактардагы геосаясий кырдаалдан улам IT тармактагы адистер ыңгайлуу жактарга, анын ичинде Кыргызстанга агылууда. Алар келгенде виза ала албай, балдарын мектепке орноштура албай же батир таба албай калышууда. Мындан улам Экономика министрлиги IT адистерге жеңилдетилген виза берүү боюнча демилге көтөрүүдө. Ал үчүн документтерди онлайн тапшырып, үй-бүлөсү болсо ала келсе болот. Ошондой эле келген адистерге жеке ишкерлик кылып же юридикалык компания ачууга мүмкүнчүлүгү бар. Мунун пайдалуу жактары арбын. Мисалы, келген адистер инвестиция салып, батирди ижарага же сатып алып, экономикага мультипликативдик натыйжа да көрсөтөт. Мындан тышкары, IT тармакты өнүктүрүүгө жардам кылат. Себеби өлкөдө бул багыт өнүгүп жатканы менен айрым, кеңири тарабаган адистиктер жок, болсо дагы дүйнөлүк деңгээлде эмес. Ошондуктан бул демилгенин көтөрүлүп жатканы жакшы, бирок ал жетиштүү деңгээлде жарнамаланбай жатат", — деди Динара Руслан.
Ошондой эле "Санарип көчмөн" статусу Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандарына жеткиликтүү экенин кошумчалады.