Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Харьковдун бийлиги элди согуш жүрүп жаткан аймактан чыгып кетүүгө чакырды

Ганчев адам өмүрү баарынан маанилүү экенин айтып, Россия аларды күтүп аларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Харьков облусунун бошотулган аймактарынын администрация башчысы Виталий Ганчев жергиликтүү тургундарга кайрылып, согуш болуп жаткан аймактагы үйлөрүн таштап кетүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Кырдаал жакшы эмес. Тилекке каршы, каршылаштарыбыз шаар, айылдарды талкалоо аракеттерин күчөткөндөн күчөтүүдө. Мындай кырдаалда жай тургундардын өлүмүнө жол бере албайм. Ошол себептен согуш болуп жаткан жерде жашагандарды башка жакка кетүүгө чакырам", — деген Ганчев.
Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн соккусунда калган айылдар жакында бошотулат. Бирок ага чейинки негизги максат — адамдардын өмүрүн сактап калуу.
"Сиздерди Россия күтүп алат. Чек ара кызматкерлеринин Харьков облусунан барчу качкындар тууралуу кабары бар. Ал жактан тиешелүү жардам көрсөтүлөт", — деди Ганчев.
Жума күнү Купянск районунун башчысы Максим Губин аталган аймакта кырдаал оор экенин айтып, бирок Россиянын аскерлери Купянск шаарын коргоп турганын белгилеген. Анын айтымында, бийлик Купянск, Изюм, Шевченково жана Балаклеи шаарларынан элди коопсуз жакка көчүрө баштаган.
Россия армиясы ЛЭР жана ДЭР күчтөрү менен Луганск Эл Республикасын толугу менен, Донецкинин басымдуу бөлүгүн бошоткон. Буга карабастан Украина Куралдуу күчтөрү ЛЭР менен ДЭРди тынбай аткылап, бошотулган Херсон, Запорожье жана Харьков облустарына сокку уруп келет. Мында "Точка-У" баллистикалык ракеталарын жана америкалык HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары колдонулууда. Аткылоодон көбүнесе карапайым калк жабыркап жатканы айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Кесилип кетесиң". Харьковдо мугалимдерди да коркутушкан. Видео