БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын жети айында Евразия экономикалык биримдигинин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 915,9 миллиард долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайызга өстү. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү Кыргызстанда 17,8 пайыз, Арменияда 7 пайыз, Казакстанда 2,7 пайыз, Россияда бир пайыз байкалган. Ал эми Беларуста 6,2 пайызга төмөндөгөн.
ЕАЭБде тоо-кен тармагында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүштүн көлөмү 2,4 пайызга, кайра иштетүү өнөр жайында 0,1 пайызга, электр менен камсыздоодо, газ берүүдө 0,1 пайызга өскөн.
Ошондой эле суу менен камсыздоо, канализация системасында, таштандыларды чогултууну жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөдө 4,4 пайызга төмөндөө байкалган.