Бүгүн Акжол Махмудов дүйнө чемпионатында күрөшөт. Атаандаштары

Махмудов килемде 77 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 14:30дан тарта күрөшүп баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бүгүн Сербияда баштала турган дүйнө чемпионатына кыргызстандык балбандардын ичинен алгачкылардан болуп Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов чыгат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайтында жазылган.
Махмудов килемде 77 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 14:30дан тарта күрөшүп баштайт.
Аталган категорияда күч сынаша турган жети балбандын аты-жөнү белгилүү болгон:
Санан Сулейманов — Азербайжан;
Мухаммадали Гераеи — Иран;
Виктор Немеш — Сербия;
Сёхэй Ябику — Япония;
Юнус Эмре Башар — Түркия;
Йосванис Пенья — Куба;
Айк Самвелович Мнацаканян — Болгария.
Белгилей кетсек, бул балбандардын айрымдары менен Акжол Махмудов буга чейин да күч сынашып келген. Алардын көпчүлүгү дүйнө чемпионатынын, Олимпиада оюндарынын байге ээси.
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпысынан 15 спортчу катышат, анын үчөө кыздар. Спортчулардын тизмеси да жарыяланган.
Айсулуу, Мээрим, Айпери дүйнө чемпионатында кимдер менен күч сынашат. Тизме