БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Айрым тери оорулары боор циррозунан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу гепатолог, гастроэнтеролог Елена Бутенконун айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.
Дарыгер эгер манжалардын сөөктөрү жооноюп, алакан менен тамандын кызарганы көпкө чейин кетпесе медиктерге кайрылууну сунуштаган. Бутенко боор ооруганда биринчи кезекте бармак менен чыпалактын түбү жабыркай баштаарын белгиледи.
"Теринин алдында саргыч тарткан майда бүдүрчөлөрдүн пайда болушу да бул дарттан кабар бериши мүмкүн. Мындай бүдүрчөлөр дененин бардык жеринде пайда болушу ыктымал", — деген Бутенко.
Андан тышкары, тырмактагы ак тактар, эркектердин төшүнүн чоңоюшу да боор циррозунун белгилерине кирери кошумчаланды.