Чет өлкөдө канча мигрант бар? Соңку расмий маалымат

Аткаминердин айтымында, мигранттардын басымдуу бөлүгү Россияда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандын 1 миллион 200 миңге чукул жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты катары жүрөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев парламентте билдирди.
Анын айтымында, мигранттардын басымдуу бөлүгү, 1 миллион 55 миңдейи Россияда эмгектенет.
Башка мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктардын саны:
Казакстан — 35 000;
Түркия — 35 000;
Европа, Жакынкы Чыгыш жана АКШ өлкөлөрүндө — 40 000;
Түштүк Корея — 6 400;
Австрия — 5000;
Бириккен Араб Эмирлиги — 5000.
Россияда Кыргызстандын миграциялык өкүлчүлүгү ачылып, 11 кызматкер дайындалды