Ошко барган Зулушев: мейманкананын алдында милиционерлер бир саат мушташты

Башкы прокурор мушташкан кызматкерлерди камерадан көрүп чыкканын, аларга катуу жаза колдонуу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ош шаарында милиция кызматкерлери Башкы прокурор Курманкул Зулушев токтогон мейманкананын алдында бир саат мушташкан. Бул тууралуу ал Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолукканда билдирди.
Эске салсак, Зулушев президенттин тапшырмасы боюнча бийлик өкүлдөрү менен Ош жана Баткен облустарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө.

"Милиция көчө балдары менен аралашып калыпсыздар. Мейманканага Башкы прокурор келди, ИИМдин орун басары келди. Милиционерлер бир саат мушташты. Бир карыш турган ИИБден ыкчам топ келбейт. Акырында келип, аларды (милиционерлерди) кошо коё берип, артынан кетип калды. Камерадан бүт көрүп чыктым. Катуу жаза колдонуңуздар. Элдин ыйлаганы чын экен. Азыр чакырсак эч ким келбейт дешти. Жөнөкөй кызматкерге чейин караңыздар", — деди Зулушев.

Айрым ЖМКлардын маалыматында, Ош шаарындагы мейманкананын алдында Ош облустук милициянын 10-бөлүмүнүн жана Кара Суу РИИБдин кызматкерлеринин ортосунда түшүнбөстүк жаралган.
Кайгуул милициянын взвод башчысы параны шакек менен алып жатканда кармалды. Сүрөт