Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги: Балаклея менен Изюмдан аскерлер топтоштурулду

Министрликтен каршылаш тарапка ок жаадырылгандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Балаклея шаарында жана Изюм аймагында аскерлер топтолуп тургандыгын маалымдады.
Маалымат кызматы максат — Донецк багытындагы күчтү бекемдөө экендигин билдирди.
Коргоо министрлигинин кабарына караганда, алаксытуучу жана демонстрациялык маневрларды колдонуп, үч сутка ичинде куралдуу күчтөрдү ДЭРдин аймагына алып баруу иштери жүргүзүлгөн.
РФ аскерлери зыянга учурабаш үчүн каршылаш тарапка авиация, ракета жана артиллерия колдонулган.
Маалыматта үч күндүн ичинде эки миңге чукул украиналык жана чет элдик согушкерлер, андан сырткары жүзгө жакын сооттолгон техникалар менен артиллерия жок кылынганы кабарланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Харьковдун бийлиги элди согуш жүрүп жаткан аймактан чыгып кетүүгө чакырды