БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Азия Mix КВН командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) социалдык тармактагы баракчасы аркылуу байланышка чыкты.
Видеодон ал эркиндикте жүргөнүн көрүүгө болот.
"Мен акмын. Бардыгы жакшы, аман-эсенмин. Олуттуу түшүнбөстүк болуп кетти. Мен СМС билдирүүлөрдүн биринде ката кетириптирмин. Такташтык, бири-бирибизден кечирим сураштык", — деди ал.
Кечээ УКМК Жуманалиев жана дагы бир кишини кармаганын билдирген. Алардын алдамчылыкка шектелгени айтылган.