Акжол Махмудов дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Видео

Эртең Махмудов алтын медаль, чемпиондук наам үчүн венгриялык спортчу Золтан Леваи менен беттешмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу балбан Акжол Махмудов атаандашы кореялык Ким Хён Уну 4:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Ал 77 килограмм салмакта күч сынашкан.
Эми Махмудов алтын медаль, дүйнө чемпиондугу наамы үчүн эртең венгриялык спортчу Золтан Леваи менен беттешмекчи.
Буга чейин кыргыз балбаны 1/16 финалда бразилиялык атаандашын кыска мөөнөттө жеңген, андан кийин мексикалык спортчуга жеңилүү ызасын тарттырган. Түрк балбаны да чейрек финалда жеңилип калган.
Балбан Нурзат Нуртаева U-20 дүйнө чемпионатында күмүш медаль алды