АКШ Россиянын мунай заттарына асмандаган баа коюу ниетинде

АКШ аткаминери Россия продукциясын көп мезгилге чейин сактай албайт жана аны сатууга аргасыз болот деп бекем ишенип алган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. АКШ союздаштары менен биргеликте экспорттолгон Россия нефтисине рыноктон төмөнүрөөк болгону менен бирок асмандаган баа коюу ниетинде. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министринин орун басары Уолли Адейемо билдиргенин РИА Новости жазды.

"Баа боюнча коюлган чектөөлөрдөн өйдө бир топ эле көлөмдө сатып алган жеке жана юридикалык жактарга санкцияны колдонууга багытталган аракеттер көрүлүшү мүмкүн", — деп эскерткен министрлик.

Министрдин орун басарынын ишениминде, Россияда нефтини сактоого мүмкүнчүлүк чектелүү, ал эми скважиналар бекитип, жаап коюуга шартташкан эмес.
"Жыйынтыгында Россия аны сатууга аргасыз болот же өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн көп убакытка чейин аксатып алат", — деген ал.
Эскерте кетсек, февраль айынын соңунда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялардын бир нече пакетин кабыл алган. Көп мамлекеттер россиялык активдерди иштетпей эсептерди жаап, айрымдары Москванын энергоресурстарынан баш тартууга чакырышты. Мындай кадам Батыштын өзүнө да олуттуу зыян келтирди, инфляция өсүп, азык-түлүк, отун катары пайдаланылган продукциялар кымбаттады.
Президент Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле оодарып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу.
Захарова энергиянын баасын чектөө Европанын өз башына тиерин айтты