Акыйкатчы: милиция зордукталган кыздарды "кыска юбка кийгенсиң" деп шылдыңдайт

Акыйкатчы милиция кызматкерлерине адам укугунан да статистика маанилүү болуп калганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Зордукталган кыздар милицияга кайрылса "өзүң кыска кийингенсиң, көз кыскансың" деп шылдыган учурлар көп кездешет. Бул туурасында акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо органдары зордуктоо фактыларын көбөйтпөш үчүн арыздарды кабыл албаганга аракет кылышат. Себеби ошого карап ишине баа берилет.
"Аларга (милиция — ред.) адам укугунан да статистика маанилүү. Милиция кызматкерлери зордук-зомбулукка кабылган кыздардын өздөрү күнөөлүү катары мамиле кылышат. Көбүнчө бизге кайрылган ата-энелер балдарына милиция катуу сүйлөп, "өзүң ошентип баспадыңбы, тигинтип кийингенсиң, юбкаңдын кыскалыгын карабайсыңбы, күлгөнсүң да, көз кыскансың да" деп өздөрүн күнөөлөп коюшарын айтууда. Мисал катары 17-18 жаштагы кыз хореографынын үстүнөн арызданса шылдыңдаганын айтсак болот. Шылдыңдап, басмырлаганга аракет кылышкан. Ушундай учурлар, тилекке каршы, көп", — деди Абдрахматова.
Ошондой эле акыйкатчы кээде далилдерди жашырыш үчүн зордукталган кыздарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү атайын кечеңдетип жиберишерин кошумчалады.
Педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салуу мыйзам долбоору сунушталды