Жусупбек Коргонбай уулу окуучулардын денесине чип орнотууну сунуштады

Эл өкүлү 14 жашка чыга элек балдарга телефон колдонууга тыюу салуу керектигин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Коопсуздук үчүн 14 жашка чыга элек мектеп окуучуларынын денесине чип орнотуу керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында сунуштады.
"Окуучулар 14 жашка чыкканга чейин телефон колдонууга мыйзам түрүндө тыюу салууну сунуштайм. Азыр технологиянын өнүккөн кези, эгерде баламды таппай калам десе, денесине чип орнотуп койсун. Себеби мына телефондун ичинде эмнелер гана бар экен да. Тарбиялык жагын ойлосок, 14 жашка чейинкилерге телефонго кармоого тыюу салалы", — деди Коргонбай уулу.
Эл өкүлү мыйзам боюнча балдар 14 жаштан кийин бир ишке жарамдуу деп тааныларын, андыктан мындай чектөө туура болорун жүйө келтирди.
Билим берүү министри мектеп ичинде телефон колдонууга тыюу салынарын айтты