"Жеңиш диктанты" акциясына дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 600 миңден ашуун адам катышса, алардын 800 миңдейи онлайн жазды. Акция үч жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Алгачкы уюштурулган 2019-жылга салыштырмалуу катышуучулардын саны быйыл 10 эсеге көп болгон. Кыргызстанда 19 жерде уюштурулду. Бишкек, Ош шаарлары жана аймактарда, чакан калаа, айылдарда болуп өттү. Эл абдан жигердүүлүк менен катышып, кызыгуусун көрсөтүп жатты. Суроолор былтыркыга салыштырмалуу татаалдыгы менен айырмаланды, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган, тесттик варианттагы диктант болду. Акциянын максаты — жаштарга туура тарыхты жеткирүү. Жыл сайын 3-сентябрь күнү уюштурулуп келет, анткени ушул датада Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган. "Жеңиш диктантынын" катышуучулары жыйынтыгында өз эмгегин баалашат, берилген сыр сөз аркылуу сайтка кирип, ар кимиси өзүнүн диктантын көрө алат", — деди Самудинов.