Захарова энергиянын баасын чектөө Европанын өз башына тиерин айтты

Россиянын вице-премьери Александр Новак мунайдын баасын чектөө идеясы акылга сыйбасын, РФ аны колдогон өлкөлөргө мунай жана газ продуктуларын бербей турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Россиянын энергетикалык ресурстарына баанын чектелиши Батыштын өзү үчүн "бут алдындагы көк жылгаякка" айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости билдирди.
"Батыш Россиянын энергетикалык ресурстарына баанын чектелиши өздөрү үчүн "бут алдындагы көк жылгаяктай" эле кооптуу болорун түшүнбөй жатат", — деди Захарова.
G7 өлкөлөрүнүн лидерлери (Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Япония) 26-28-июндагы саммитте Россиядан энергияга болгон көз карандылыкты азайтуу ниетин билдиришкен. Бул үчүн россиялык энергиянын баасына чектөө киргизебиз деп макулдашкан. Июль айынын башында лимитти азыркы баанын жарымындай кылып коюу сунушу айтылган. Кеп 40-60 доллар тууралуу болуп жатат.
Россиянын вице-премьери Александр Новак мунайдын баасын чектөө идеясы акылга сыйбасын, РФ аны колдогон өлкөлөргө мунай жана газ продуктуларын бербей турганын билдирди. Ал кошумчалагандай, россиялык мунайдын баасына чектөө киргизүү рынокту талкалайт жана башка өндүрүүчүлөр да мындай демилгеге оң жооп бербейт.
Оор күндөр алдыда. Германияда муниципалдык кызматтар банкрот болору болжолдонду