УКМК: диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик адам кармалды

Анын убактылуу жашаган жеринен ок-дары, чет мамлекеттин жаранынын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дарыны сактап жүргөн деп шектелип, чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3

Диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дарыны сактап жүргөн деп шектелип, чет элдик жаран кармалды

2 / 3

Маалыматка караганда, ал 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жашап, диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн

3 / 3

Анын убактылуу жашаган жеринен ок-дары, чет мамлекеттик жарандын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылган

Маалыматка караганда, ал 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жашап, диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн.
"Шектүү КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин ("Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Анын убактылуу жашаган жеринен ок-дары, чет мамлекеттик жарандын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылган.
УКМК Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташыган топту кармады. Сүрөт