Айдоочунун жол эрежесин бузгандыгы үчүн 10 миң сомдук айып пулу болуп, бир айдан ашык убакыт төлөбөй жүргөндүгү аныкталса машинаны айдоого укугу чектелет. Бул тууралуу Алмаз Исаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жол эрежесин бузган айдоочулар тууралуу маалымат берген "Төлөм" кызматы ийгиликтүү иштеп, Кайгуул кызматынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетти.
"Учурда КРдин Бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, айдоочунун жол эрежесин бузгандыгы тууралуу 10 миң сомдук айып пулу болуп, бир айдан ашык убакыт төлөбөй жүргөндүгү аныкталса унааны айдоого укугу жок. Бул автомобиль башкаруучунун жоопкерчилигин күчөтөт. Биз аны "Төлөм" кызматы аркылуу текшерип, мыйзамга ылайык чара колдонобуз. Ал эми унаа айып короого жеткирилгенден кийин 38-берененин 5-бөлүмүнүн негизинде бардык айып пулдары төлөнмөйүнчө ал жактан чыгарылбайт. Анткени эреже бузган жана жоопкерчиликке тартылуучу жак келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. "Төлөм" программасы учурда ийгиликтүү иштеп, Кайгуул кызматынын ишин жеңилдетти", — деди Исаков.
Ошондой эле адис жаңы өзгөрүүлөр боюнча Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору айдоочуларга да түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Төлөм" кызматы Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан. Планшетке орнотулган тиркемеден айдоочулардын аты-жөнүн тастыктаган документ жана автоунаанын мамлекеттик номери аркылуу машинанын издөөдө жүргөндүгү, жасалма же жалган номер тагып алганы, терезелерин мыйзамсыз караңгылатканы, ошондой эле төлөнбөй жүргөн айып пулу бар-жогу текшерилет.