Бишкек мэри: таштанды иштеткен заводду куруу сентябрдын соңунда башталат

Бишкек башчысынын айтымында, курулуш иштери бир жарым, эки жылда бүтүп калат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Сентябрдын аягында муниципалитет таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушун баштайт. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан көчмө жыйында айткан.
1 / 5

Сентябрдын аягында муниципалитет таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушун баштайт

2 / 5

Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан көчмө жыйында айткан

3 / 5

Мэриянын маалымат кызматы шаар башчысы менен парламентарийлер таштанды полигонунда жолугушуу өткөргөнүн билдирди

4 / 5

Алар таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушун жана акыр-чикирлерди рекультивация маселесин сүйлөшкөн

5 / 5

Мэриядан буга чейин муниципалитет бул маселени чечүүгө кызыкчылыгын билдирген бир нече эл аралык компаниялар менен меморандумга кол койгондуктарын эске салды.

Мэриянын маалымат кызматы шаар башчысы менен парламентарийлер таштанды полигонунда жолугушуу өткөргөнүн билдирди. Алар таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушун жана акыр-чикирлерди рекультивация маселесин сүйлөшкөн.
"Мэр депутаттарды кызыктырган суроолорго жооп берип, аталган жайдын маселесин токтоосуз түрдө жана комплекстүү чечүү зарылдыгын белгилеген. Ал сентябрдын соңунда муниципалитет баштаган курулуш иштери бир жарым, эки жылда бүтүп каларын билдирди", — деп айтылган маалыматта.
Мэриядан буга чейин муниципалитет бул маселени чечүүгө кызыкчылыгын билдирген бир нече эл аралык компаниялар менен меморандумга кол койгондуктарын эске салды. Учурда муниципалитет сунуштарды карап, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын билдирди.
Бишкекте тигүү цехтерине рейд жүрүп, таштанды боюнча келишими текшерилүүдө