Жапаров Елизавета IIнин өлүмүнө байланыштуу мураскерине көңүл айтты

Ханыша 8-сентябрь күнү 96 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын падышасы Карл IIIгө ханыша Елизавета IIнин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Улуу даражалуу ханыша Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргызстанда терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине кам көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет", — деп жазылат телеграммада.
Эске салсак, ханыша Елизавета II 8-сентябрь күнү 96 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал тактыга 1952-жылы отуруп, Улуу Британияны эң узак башкарган монарх болуп калды.
Карл III — Улуу Британиянын кийинки падышасы, Елизавета IIнин уулу. Буга чейин ал таажынын мураскери болуп келген.
Путин: Горбачёв дүйнөлүк тарыхка зор таасирин тийгизген