"Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Мекеме кыска метраждуу тасмаларды жана сериалдарды тартуу менен алектенмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. "Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемеси түзүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган.
Мекеме Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдында иштеп, кыска метраждуу тасмаларды жана сериалдарды тартуу менен алектенмекчи.
Эске салсак, жазында президент Садыр Жапаров "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Радио
Төлөбеков: өлкөдө "Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластери өткөрүлөт