БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Согуштук аракеттер токтотулса Украина көз карандысыз мамлекет катары өзүн жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Брюсселде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен биргелешкен маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгерде Россия согуштук аракетин токтотсо, тынчтык орнойт, ал эми Украина токтотсо, анда ал көз карандысыз мамлекет катары өзүн токтотот", — деди Столтенберг.
24-февралда Украинада атайын операция башталган. Ал эми февраль айынын орто ченинде абалдын курчушунан улам Донбасс республикаларынан карапайым калкты масштабдуу эвакуациялоо күч алган. Учурда Россияда Украинадан качкан миңдеген жаран баш калкалап турат.
Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Москва буга чейин НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирем деп "от менен ойноп жатканын" билдирген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.