Мурдагы КВНчи Маратик алдамчылыкка шектелип кармалды. УКМКнын видеосу

Шектүүлөр мамлекет жетекчилиги менен жеке байланыштабыз, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу менен таанышпыз деп айтышкан дешти.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте Азия Mix КВН командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) алдамчылыкка шектелип кармалганын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булактар билдирди.
УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, Д.М.С. (Марат Жуманалиев) жана С.А.К. аттуу адамдар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү ("Алдамчылык") боюнча шектелип, колго түшүрүлгөн.

"Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, баюу максатында "Спекулянт" ЖЧКсынын башкы директору, Россиянын Ш.В. аттуу жаранынын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып чет элдик валютадагы ири суммадагы акча алышкан. Шектүүлөр убадаларын аткарбай, алган каражатты өздөрүндө калтыруу үчүн "Спекулянт" ЖЧКсынын башкы директорунун жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле мамлекет жетекчилиги менен жеке байланышта, анын ичинен Камчыбек Ташиевдин уулу менен тааныш экенин айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Сотко чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр кылган ишин мойнуна алышкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.
1 / 2

УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, Д.М.С. (Марат Жуманалиев) жана С.А.К. аттуу адамдар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү ("Алдамчылык") боюнча шектелип, колго түшүрүлгөн

2 / 2

Сотко чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр кылган ишин мойнуна алышкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК элди укук коргоо жана башка органдар менен маселелерин чечүүдө кандайдыр бир жол менен көмөк көрсөтүүнү көздөгөн, ошондой эле өлкө жетекчилиги же жогорку кызмат адамдарынын атын сатып, "жеке байланышым бар" деп пайдаланып жүргөн адамдарга ишенбөөгө чакырды.
Бишкекте эркек кишини 18 миң долларга алдап кеткен деп 29 жаштагы кыз кармалды