Жаан катуу жаашы ыктымал. Шашылыш билдирүү

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. 11-12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жамгыр катуу жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги эскертти.
Абанын температурасы кескин төмөндөп, 11-12-13-сентябрда Чүй өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градус, күндүз 20…25 градус болсо, Таласта түнкүсүн 2…7 градус, күндүз 17…22 градусту көрсөтөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус, күндүз 23…28 жылуу болору айтылды. Бирок күн салкындайт.
Ысык-Көлдө абанын температурасы түнкүсүн 4…9 градус болсо, күндүз 18…23 градус жылыйт. Нарында күндүз 22 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.
Окумуштуулар: глобалдуу жылуулук өмүргө кооптуулук жараткан ысыкты күчөтөт