Кыргызстан жыл башынан бери карызын төлөөгө 20,5 млрд. сом жумшады

Учурда ички жана тышкы бересенин суммасы 5 миллиард 214 миллион долларды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстан жыл башынан берки жети айда мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 20 миллиард 575,4 миллион сом жумшады. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Январь-август айларынын аралыгында кутулган карыздын 13 миллиард 169,3 миллион сому тышкы жана 7 миллиард 401,1 миллион сому ички карызга сарпталган.
31-июлга карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын ички жана тышкы бересесинин суммасы 5 миллиард 214 миллион долларды түзөт. Муну улуттук валюта менен эсептегенде 516 миллиард 839 миллион сом болот.
Мамлекеттик ички карыздын көлөмү биринчи жолу 80 млрд. сомдон ашты