10-сентябрга карата аба ырайы

10-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Ишембиде күндүз Талас өрөөнүнүн кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл менен Нарында +24...+29 градус болору айтылды.
Бул күнү термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35 градусту көрсөтүп турат.
Жамгыр жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы