Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Жаңы министр буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп да эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин Баатырованын аталган кызматка талапкерлигин Жогорку Кеңеш да колдогон.
Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган. 2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеген. Ага удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп да эмгектенген.
УКМКдан кеткен Бекбосун Апсатаров жаңы кызматка дайындалды