БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы жана "Элдик" тобу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты кызматтан бошотуу сунуштамасын президентке жиберди.
"Элдик" топтун лидери Акылбек Түмөнбаев элчинин ишине нааразылык болуп жатканын билдирди.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, жарандар Россиядагы элчиңиз кандай иштеп жатканы тууралуу өзүңүзгө айта албаса да социалдык тармактарда жазып жатышат. Ошондуктан сиз өз эркиңизди билдирип, Россиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоп, жакшы иштеше турган адамды кызматка коёт деген ойдомун", — деп кайрылды Түмөнбаев.
Бүгүн аталган эки фракциянын миграциялык көйгөйлөр тууралуу жыйыны өттү. Анын жыйынтыгында чечим кабыл алынып, элчини иштен кетирүү сунуштамасы президентке жиберилди.