Эми Carcheck аркылуу айдоочунун салык төлөгөн-төлөбөгөнүн билүүгө болот

Мамлекеттик салык кызматы жаңы функциянын ишке кириши менен жарандык көзөмөл күчөтүлөт деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жакында Carcheck кызматы аркылуу айдоочу транспорт салыгын төлөгөн же төлөбөгөнүн билүүгө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Ведомство жаңы функциянын ишке кириши менен жарандык көзөмөл күчөйт деп үмүттөнүп жатат.
Инновациянын дагы бир жакшы жери — жарандардын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу жана айдоочуларга салык милдеттенмелери боюнча маалымат берип туруу.
Сентябрда салыктар боюнча рейд башталарын эскертишти