Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бундестагда Украина Россияны жеңе албай турган себеби айтылды

Эл өкүлү Берлин Москва менен сүйлөшүүдөн эмнеге баш тартканын түшүнбөй жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Киев Москваны жеңе албайт. Себеби ал үчүн Европа Россия менен өзөктүк согушка аралашусу керек болуп калат. Бул тууралуу Бундестагдагы Солчул партиянын депутаты Грегор Гизи Der Spiegel гезитине маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Үчүнчү дүйнөлүк согуш эле чыгарбасак, аскердик жактан алганда Россияны жеңүү мүмкүн эмес. Бирок андай жолго бара албайбыз", — деди саясатчы.
Ал Берлин Москва менен сүйлөшүүдөн эмнеге баш тартып койгонун түшүнбөй жатканын айткан.
"Россия менен сүйлөшүүдөн эмнеге баш тартып койгонубузду түшүнө албай жатам. Украина баары бир жеңе албайт, биз Россиянын армиясы канчалык күчтүү экенин билбей жатабыз", — деген Гизи.
24-февралда Украинада атайын аскердик операция башталган. Ал эми февраль айынын орто ченинде абалдын курчушунан улам Донбасс республикаларынан карапайым калкты масштабдуу эвакуациялоо күч алган. Учурда Россияда Украинадан качкан миңдеген жаран баш калкалап турат.
Бундестаг депутаты Европаны НАТОну таратуу даярдыгын көрүүгө чакырды