Жогорку Кеңештеги аял депутаттарга кызматтык автоунаа берилди

Парламенттин бул чакырылышына 19 аял шайланып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги аял депутаттар кызматтык автоунаа алышты. Sputnik Кыргызстандын журналистине бул кабарды парламенттеги маалымат булактар тастыктады.
Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Эркин Каимов аялдардын ичинен 18 депутатка берилгенин тактады. Анын айтымында, бир эл өкүлү баш тарткан.
Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизилип, аял депутаттарга автоунаа берүү чечими кабыл алынган. Буга чейин ал автоунаалар менен ЖКнын бөлүм башчылары жүрүшчү.
Учурда парламентте 19 аял депутат бар.
Белгилей кетсек, мурдагы чакырылыштын депутаттары кызматтык автоунаа алуудан толук баш тарткан эле.
1000 долларга чейин сурайт. Депутат №29 мектептин директорунун үстүнөн даттанды