Жапаров Чолпон-Атага келген КМШнын ИИМ жетекчилери менен жолукту

Ысык-Көлдө КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин кеңешинин отуруму өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, министрлер КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышуу үчүн келишти. Жыйынга Кыргызстан, Азербейжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ИИМ делегациялары, Уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Террорчулукка каршы борборунда иштегендер күбө болууда.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды

2 / 3

Эске салсак, министрлер КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышуу үчүн келишти

3 / 3

Жыйынга Кыргызстан, Азербейжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ИИМ делегациялары, Уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Террорчулукка каршы борборунда иштегендер күбө болууда

Жапаров бүгүнкү жыйын кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну өнүктүрүүгө салым кошкон дагы бир кадам экенин айтты.
"Жалпы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо маселесинде шериктештиктин ички иштер органдарынын даярдалып жаткан жана жасалган кылмыштар жөнүндө маалымат алмашуусу, кылмыш куугунтугунан качкандарды издөөгө көмөктөшүүсү, биргелешкен машыгууларды өткөрүүсү абдан маанилүү", — деди Жапаров.
Ал эми жыйындын катышуучулары аталган кеңешме шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүсүндө жакшы натыйжа берерин айтышты.
Ошол эле учурда министрликтердин ортосундагы жеке байланыштарды чыңдоо маселелерди ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Финансылык стратегиялык өнөктөш. Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун башчысын кабыл алды