БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Дарыгерлер буга чейин 96 жаштагы британ ханышанын ден соолугуна тынчсызданып, аны карап жатышкан.
Маалыматка караганда, ханыша Шотландиядагы Балморал сепилинде бүгүн каза болду.
Буга чейин ММКлар ханзаада Чарльз менен Уильям Шотландияга ханышага бара жатканын жазган эле.
Елизавета II тактыга 1952-жылы отурган. Ал Улуу Британияны эң узак башкарган монарх болуп калды.