БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Юстиция министрлиги турак жай кооперативдерин тескеген мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков парламентте билдирди.
Анын айтымында, үч айдан бери маселени талдап, 16 беренеге өзгөртүү, толуктоо киргизилди. Долбоору даяр, мамлекеттик органдардан макулдашуудан өткөн. 11-сентябрда коомдук талкуу бүтөт, андан соң парламентке киргизилет.
"Мыйзам долбоорунда турак жай кооперативдерине акчаны максаттуу колдонуу, накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү, административдик башка чыгымдарга коротпоо, чет өлкөлүк банктарга ири суммада которбоо сыяктуу чек коюлган. Кайсы учурда кандай чектөөлөрдү киргизүү керектиги боюнча толук кандуу иштеп чыктык. Депутаттардан дагы жумушчу топ түзүлгөн. Алар менен да ар тараптуу толуктоолорду киргизип, алып келели деп жатабыз", — деди министрдин орун басары.
Өз кезегинде депутат Карим Ханджеза азыркы мыйзамдарда кооперативдин катышуучуларынын укуктары жетиштүү деңгээлде корголбой калганын айтты.