Депутат: Сокулукта соцкызматкерлер бала бакчанын имаратын бошотпой жатат

Эл өкүлү министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнөн ушул маселени көзөмөлгө алышын өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Сокулук районунда социалдык кызматкерлер бала бакчанын имаратына кирип алып, чыкпай жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев
Анын айтымында, Сокулуктун борборунда Социалдык камсыздоо министрлигинин бөлүмү менен Социалдык фонд жайгашкан имарат бар. Ал мурда бала бакча болгон.
Имаратты бошотуу боюнча соттун чечими жана прокуратуранын сунуштамасы чыкканына карабай азыркыга чейин бошотпой жатышат.
Депутат ансыз да бала бакчалар жетишсиз экенин белгилеп, министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнөн ушул маселени көзөмөлгө алышын суранды.
Пресс-борбор
Авариялык абалдагы мектептегилер кайдан окушат? Министрликтин жообу