Россияда 4 баласы менен бараткан кыргызстандык үй-бүлө жолдо кырсыктады. Сүрөт

Кыргызстандык айдоочунун 12 жаштагы кызына операция жасалып, абалы оор деп айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Россияда Челябинск облусунда кыргызстандыктар отурган автоунаа оор жүк ташуучу машина менен кагышканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Россияда Челябинск облусунда кыргызстандыктар отурган автоунаа оор жүк ташуучу машина менен кагышканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 7-сентябрда Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 трассасында болгон

3 / 3

Жабыркагандар Тез жардам кызматы менен Златоуст шаарындагы клиникалык ооруканага жеткирилгени айтылды.

Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 7-сентябрда Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 трассасында болгон.
"К.Ш. аттуу Кыргызстандын жараны айдап бараткан Renault Logan үлгүсүндөгү автоунаа жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, натыйжада Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Жеңил машинанын ичинде алты адам болгон. Баары — бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Тагыраагы, ата-энеси төрт баласы менен отурган. Айдоочунун келинчеги балдары менен Ош шаарынан Уфага учак менен барып, К.Ш. үй-бүлөсүн Уфанын аэропортунан тосуп алып, Нижневартовск шаарына бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандар Тез жардам кызматы менен Златоуст шаарындагы клиникалык ооруканага жеткирилгени айтылды.
"Ооруканадан кыргызстандык айдоочунун 12 жаштагы кызына операция жасалган, абалы оор деп айтылды. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, алар учурда оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда", — деп жазылат билдирмеде.
ТИМ аталган окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө экенин айтып, оорукана кызматкерлери, милиция жана жабыркаган кыргызстандыктар менен байланышып жатканын кошумчалады.
Элчилик: курьердин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлүп, таксист камалды