БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кытай юаны, БАЭ дирхамы сыяктуу валюталар Россиянын банк секторунун девальвацияланышында доллар менен евронун ордун баса алат. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министринин орун басары Алексей Моисеевдин РБКга берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Азыр баарын кызыктырып жаткан валюта — бул юань. Анын рыногу чоң жана курсу жок дегенде долларга карата туруктуу. Бирок юань жалгыз валюта эмес. Дирхам (БАЭ валютасы) жана башка бир катар майда рыноктордун валюталары дагы кызыгуу жаратууда", — деди Моисеев.
Ал кытай валютасынын келечегине токтолуп, февраль айынан бери Москва биржасында рубль — юань менен сооданын көлөмү 50 эсе өскөнүн белгиледи. Ал эми БАЭ дирхамы курстун долларга байланганынан улам туруктуулугу менен жагымдуу. Ошол эле Моисеев учурда Россияга доллардын кереги жок деген оюн кошумчалады.