Сенатор Пушков "Россия менен согушууга даярбыз" деген Польша элитасына кайрылды

Буга чейин Польшанын коргоо министринин орун басары Марцин Оцепа жакынкы 3-10 жылдын ичинде Варшава менен Москванын ортосунда куралдуу кагылышуу болушу мүмкүн экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Польшанын бийлик өкүлдөрү Россия менен согушка даярданардан мурда тарыхка бир көз чаптырып коюшу керек. Бул тууралуу сенатор Алексей Пушков Telegram каналына жазганын РИА Новости билдирди.
"Польша Россия менен согушка даярданып жатат дейби? Элитасы тарыхты жакшы билбейт окшойт", — деп жазган Пушков.
Буга чейин Польшанын коргоо министринин орун басары Марцин Оцепа жакынкы 3-10 жылдын ичинде Варшава менен Москванын ортосунда куралдуу кагылышуу болушу мүмкүн экенин айткан. Ошол себептен аталган мамлекеттин аскердик мекемеси өлкө тарыхындагы эң дымактуу кайра куралданууну баштаган.
Варшава армиясынын жалпы санын 400 миң адамга жеткирүү планы тууралуу айтып, акыркы мезгилде аскердик учактарды, танкаларды, артиллерия, чабуул коюучу дрондорду активдүү сатып ала баштады.
Россиянын Польшадагы элчиси Сергей Андреев Москва Варшавага кол салууну көздөбөгөнүн жана анын коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө негиз жок экенин айткан.
Сенатор Пушков Европаны ара жолго таштоону көздөгөн Канада премьерин сынга алды