Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: Батыш акыркы украиналык калганча Россияга каршы турууга даяр

Буга чейин Томас-Гринфилд Россия айрым украиналыктарды күч менен алып келип, лагерлерде кармап, зордоп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя америкалык кесиптеши Линда Томас-Гринфилддин Москва тарабынан "фильтрациялык лагерлердин" түзүлгөнү боюнча айтканы карандай калп экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Томас-Гринфилд буга чейин Россия айрым украиналыктарды күч менен алып келип, лагерлерде кармап, зордоп жатканын кабарлаган.
БУУнун башкы катчысынын адам укуктары боюнча жардамчысы Илзе Брандс-Кехрис дагы уюмдун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып, эл аралык байкоочуларга Россия "чыпкалоодон өткөн" адамдар кармалып турган жерлерди көрсөтүүгө чакырган. Ошол эле учурда Брандс-Кехрис Россиянын аймагында жүргөн украиналыктарга мекенине кайтып келүүгө же башка өлкөгө кетүүгө мүмкүнчүлүк берилгенин ырастады.
"Батыш Украинада акыркы украиналык калганга чейин Россияга каршы гибриддик согушун жүргүзө бермекчи. Азыр Россияны "фильтрациялык лагерлерди" түздү деп айыптап жатышат. Мен америкалык кесиптешимден кайсы тасманы көрүп алып айтып жатканын сурайын дегем. Анткени бул кайсы бир коркунучтуу фильмдин сценарийине окшоп турат", — деди Небензя.
24-февралда Украинада атайын аскердик операция башталган. Ал эми февраль айынын орто ченинде абалдын курчушунан улам Донбасс республикаларынан карапайым калкты масштабдуу эвакуациялоо күч алган. Учурда Россияда Украинадан качкан миңдеген жаран баш калкалап турат.
Путин: Россия Донбассты коргоо милдетин аягына чейин аткарат