"Эч ким ишенген эмес". Ысык-Көлдөн 25 чакырым сүзүп өткөн милиционер. Видео

Милиция кызматкери Султан Жумабек уулу өзүнүн демилгеси менен Ысык-Көлдөн 25 чакырым сүзүп өтүп, андан ары 50 чакырым аралыкка велосипед тепкен. Ал муну өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арнаган.
Sputnik
ИИМдин күзөт кызматынын кызматкери, милициянын старшинасы Султан Жумабек уулу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, көлдө сүзүүдөгү кыйынчылыктары, толкунга карабай сүзгөнү, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Ал Чолпон-Ата шаарынан Бостери айылына чейинки аралыкты 8 саат 33 мүнөттө сүзгөн. Андан ары Чоң-Сары-Ой айыл аймагына чейинки 50 чакырым жолду 1 саат 13 мүнөттө велосипед менен тээп өткөн.
25 жаштагы Султан профессионал триатлончу эмес, ошого карабастан спорт менен ишин айкалыштырып, сергек жашоо образын сактап, жаңы рекорддорду жаратууну максат кылып келет.