Ленинград блокадада калган күн. Бишкекте "Эскерүү сабагы" болуп өттү

Каргашалуу мезгилдин курмандыктары эскерилип, аза мүнөтү жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ленинграддын блокадасы башталган 8-сентябрга карата Бишкектин окуучулары үчүн "Эскерүү сабагы" болуп өттү.
Аталган акция борбор калаанын түштүк бөлүгүндөгү блокадачылардын эстелигинин жанында болду. Ага Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугу, "Кант" авиабазасынын өкүлдөрү жана башкалар катышты. Окуучуларга Улуу Ата Мекендик согуштун апааты, 900 күнгө созулган блокада тууралуу айтып беришти.
1 / 5

Ленинграддын блокадасы башталган 8-сентябрга карата Бишкектин окуучулары үчүн "Эскерүү сабагы" болуп өттү

2 / 5

Аталган акция борбор калаанын түштүк бөлүгүндөгү блокадачылардын эстелигинин жанында болду

3 / 5

Ага Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугу, "Кант" авиабазасынын өкүлдөрү жана башкалар катышты

4 / 5

Окуучуларга Улуу Ата Мекендик согуштун апааты, 900 күнгө созулган блокада тууралуу айтып беришти

5 / 5

Балдарга улуулардын айтып бергени катуу таасир этти, айрымдарынын көзүнө жаш айланганын да көрүүгө болот эле

Балдарга улуулардын айтып бергени катуу таасир этти, айрымдарынын көзүнө жаш айланганын да көрүүгө болот эле. Окуучулар сабакта курчоодо калган Ленинграддын жашоочулары тууралуу ыр окуп беришти.
Иш-чарада каргашалуу мезгилдин курмандыктары эскерилип, аза мүнөтү жарыяланды. Андан соң эстеликке гүл коюлду.
Белгилей кетсек, согуш жылдары блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашуун киши эвакуацияланган, анын 3 миңге жакыны балдар болчу.
"Рахмат, Кыргызстан!". Согуш каарын эске салган акциядан 12 сүрөт