Эмгек мигранттарынын көбү Россияда болгондуктан акча которуулар рубль аркылуу жүрөт, мындан улам Кыргызстандын банктарында РФ валютасынын резерви бар. Бул тууралуу Чоро Сейитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга которулган акчанын 98 пайызы Россиядан келет.
"Биз күйүүчү майды, дан азыктарын сатып алууда биржалык баа каралып, ага жараша товардын наркы аныкталат. Кыргызстан күйүүчү майды Россиядан рубль менен алуу боюнча келишимге кол койгону белгилүү. Ошол эле учурда айыл чарба азыктарынын, алтындын, жеңил өнөр жай продукцияларынын көбүн Россияга экспорттойбуз. Дагы бир мисал, эмгек мигранттарынын көбү РФте болгондуктан акча которуулар рубль аркылуу жүрүп, Кыргызстандын банктарында рублдин резерви калыптанган. Россия экономикалык өнөктөштөрү менен өз валютасында операцияларды аткарып жаткандыктан, бул бизге ыңгайлуу", — деди Сейитов.
Ошондой эле адис РФ менен КР ортосундагы товар айлантуунун көлөмү жакшы деңгээлге чыкканын кошумчалады.