Жыл башынан бери өлкөдө канча сомдук продукция өндүрүлгөнү айтылды

Товарлардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 95 пайызы дыйкандардын колунан чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 2022-жылдын январь-июнь айларында айыл, токой жана балык чарбасынын дүң продукциясы жалпысынан 92 673,6 миллион сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул аралыгында өндүрүлгөн товардын 102 пайызына барабар экенин Улуттук статистика комитети билдирди.
Аталган категорияларга кайсы тармактар кирет жана алардын ар бири кандай үлүшкө ээ:
мал чарбасы — 77,8 пайыз;
өсүмдүк өстүрүү — 19,2 пайыз;
кызмат көрсөтүү — 2,8 пайыз;
токой чарбасы — 0,1 пайыз;
балык чарбасы — 0,1 пайыз.
Өндүрүлгөн товарлардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 95 пайызы дыйкандарга тиешелүү.
Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн кумшекер алат. Жарым жылдын маалыматы