Куураган чөп, жалбырактарды өрттөбөгүлө! Мэриянын эскертүүсү

Муниципалитет алар жакшы жер семирткич экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы Бишкек шаарынын тургундарын түшкөн жалбырактарды, куураган чөптөрдү өрттөбөөгө чакырды.
"Аларды чогултуп өрттөгөн учурда аба булганып, өндүрүштүк газ чыгат. Бул адамдардын ден соолугун начарлатып, өнөкөт оорусу барлардын, өзгөчө астма менен ооругандардын илдетин күчөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Куураган чөп, жалбырак өрттөгөндүн мындан башка терс жактары:
кургак жалбырактарда кыштаган пайдалуу курт-кумурскалар күйүп кетет;
топурактын катмары бузулат;
от чөп өсүмдүктөрүнүн уруктарын жана тамырларын жок кылат;
өрт коркунучун пайда кылат.
Мэрия түшкөн жалбырак менен куураган чөп чириндиге айланып, топурак үчүн жер семирткич болорун белгилеген. Маалыматта шаарда түшкөн жалбырак "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын күнөсканасына жеткирилип, жер семирткич чыгарылары кошумчаланган.
Сузактагы асфальт-бетон заводунун иши токтоду. Себеби