Радио

Орозова: аллергиядан улам табигый кир жуучу каражаттарды жасай баштагам

Кол өнөрчү жана ишкер Айжамал Орозова эко кир жуучу каражаттарды көбүнчө аллергиясы барлар, кичинекей балдар колдонушарын айтты.
Sputnik
Кесиби боюнча англис тил мугалими болуп эмгектенген Айжамал Орозова онлайн-курстарында Кыргызстан жана Россиядагы окуучулар окуй турганын, балдар үчүн ыңгайлуу методика иштеп чыкканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде баяндап берди. Каарманыбыз экологиялык таза продукцияларды жасоону пандемия учурунда баштаган.
Анын айтымында, эко кир жуучу каражаттарды көбʏнчө аллергиясы барлар, кичинекей балдар колдонушат.
"Өзүм аллергик болгондуктан көп косметикалык жана кир жуучу каражаттарды колдоно албайм. Айна-самындардын жытына чүчкүрүп, аллергия болуп кыйналчумун. Ошондон улам өзүм бул каражаттарды жасоону интернеттен үйрөнө баштагам. Алгач айна жасап көрдүм. Андан кийин үй-бүлөм, балдарым үчүн экосамын жасап, жакындарыма да айна, самындарды белек кылсам жактырышты. Мисалы, бир самындын курамына пальма, кастор, кокос майы, суу, пропиленгликоль, глицерин, натрийдин перкарбонаты өңдүү заттар кошулат. Самын кургатпайт, жараларды бат айыктырат. Негизи ага өсүмдүк майдын түлөрүн, витаминдерди да кошсо болот. Балдарга арналган самынга көбүнчө D3 витаминин кошом. Ал эми керектүү каражаттарды Россиядан атайын буйрутма менен алдыртам. Атайын силикон калыптарга куюп, самындын түрдүү формаларын чыгарабыз. Сууда эзилбейт, бир самын узак убакытка жетет. Жакшы көбүрөт, жыты да жагымдуу. Башкысы, аллергия кылбайт жана ыңгайлуу баада сатылат. Эми экокаражаттарга Россиядан эл аралык деңгээлдеги сертификат алып, бизнести кеңейүү алдында турам", — деди Орозова.
Ал ошондой эле табигый азыктардан бет май, ачыткы жана шамдарды жасай турганын кошумчалады.