Жамгыр жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Агенттиктин божомолу боюнча, апта этегинде күн бир аз салкындайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Билдирмеге караганда, апта аяктап калганда күн салкындап, кээ бир жерлерде өткүн өтөт. Бишкекте 11-12-сентябрда жамгыр жаашы күтүлүүдө. Бирок абанын температурасы 25-27 градус ысык болот.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө 11-сентябрда күндүзү жана 12-сентябрда өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Күндүн табы 20…25 градус жылуу болору айтылды. Таласта 11-сентябрда өткүн өтүшү божомолдонду.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ош менен Жалал-Абад облустарында ишемби, жекшемби күндөрү катары менен өткүн өтүшү божомолдонууда. Ал эми Баткенде 12-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 30 градуска чейин ысыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Эки аймакта дагы дем алышта күн салкындап, өткүн өтөт. Абанын температурасы 17...22 градус жылуу болсо, Нарында ишембиде 26 градуска чейин ысып, жекшембиде 17...22 градус жылыйт.
Күндүн табы качан кайтат? Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы