БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте калдыктарды алып кетүүгө келишим түзбөгөн тигүү цехтерин текшерүү улантылып жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Биринчи май районунун аймагында акимчиликтин, көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө инспекциясынын, Салык кызматынын, МАБдын жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринен турган комиссия Ош жана Абдрахманов көчөлөрүн бойлой бештен ашык тигүү цехин кыдырган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар табылган эмес.
Ушундай рейддер тигүү цехтери "Тазалык" ишканасы менен таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзгөнгө чейин уланары белгиленди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн калдыктарды чыгаруу кызматына тариф таштандынын бир куб метри үчүн 252 сомду түзөт.
Ал эми таштандыны туш келди ыргыткан жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.